Жума, 10 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

С. ЖАПАРОВ: «СУДЬЯЛАРГА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮНҮ ТОКТОТКУЛА!»

Өлкөдө соттордун жүрүм-турумунун этикалык нормаларынын бузулушу жана башка терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин жана Президент катары менин дагы беделиме шек келтирет. Мындай сөзүн мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн судьяларынын 12-курултайында айтты.(1) Президент белгилегендей, канчалаган мыкты мыйзамдар кабыл алынып, соттордун иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлүп, материалдык жактан толук камсыздалса дагы, сот системасы ичинен жаңыланып тазаланмайынча, кардиналдуу өзгөрүүлөргө умтулуу болбосо оңолуш кыйын. Ошондуктан фемида өкүлдөрү эрктүүлүктү көрсөтүп, кандай гана кийлигишүү же кысым болбосун, каршылык кылып бекем туруп, мыйзамдын диктатурасын орнотушу керек. Соттордун башын бириктирген жыйындагы баса белгиленген урунттуу учурларды Мээрим Дүйшөналиева тизмектейт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *