Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы билдирилди.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкан.

Айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты.

Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып,

анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.

Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *