Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Шайлоо-2021: Бюллютендерди кол менен саноо процесси жүрүп жатат

Кыргызстанда күн мурун өткөн президенттик өнөктүккө шайлоочулардын 39,75%ы катышты. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, 11-январь эртең мененки саат 7ге карата автоматтык саноочу үкөктөрдөн добуштардын 98%ынын маалыматы алынган. Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыга чыгып, ага 1 млн 116 миң 28 жаран добуш берди. Алдын ала жыйынтыктар улам жаңыланып жатат. Анткени чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде АСУ эсептеген добуштар жана кол менен саналып жаткан бюллетендердин жыйынтыктары кошулмакчы. Эске салсак, шайлоочулардын тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган. Жалпы жонунан 2474 добушкана ачылган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *