Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Шайлоочулардын 33,13 пайызы добуш бергенге жетишти

Кыргызстанда ачылган 2426 шайлоо тилкеси саат туура 20.00до жабылды. Ал эми чет өлкөдөгү 48 добушкананын айрымдары жергиликтүү убакыт боюнча жабыла элек. Мисалы, АКШнын Вашингтон шаарындагы шайлоо тилкеси бир саат мурда ишин баштаган. Саат 18.00гө карата жалпы жонунан 3 млн 563 миң 574 шайлоочунун арасынан 1 млн 180 миңи добуш берип жетишти. Кыргызстандыктардын саясий өнөктүккө катышуусу боюнча Ысык-Көл облусу менен Ош шаары алдыда келатат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *