Пирамида
С Вами на все времена!Бүгүн «Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон үч аскер кызматкеринин сөөгү жерге берилип, шейит кеткендер үчүн митинг-реквием өттү. Мекенди коргоп, милдетин аткарып жатып курман болгон Шерали Анаркулов, Жаңыбай уулу Тилек жана Санжарбек Анаркулов аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекет башчысы Садыр Жапаров, маркумдардын жакындары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер катышты. Айдар Темиралиев кененирээк.
Ой-пикир калтыруу