Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ШЕЙИТ КЕТКЕН ҮЧ АСКЕРДИН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Бүгүн «Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон үч аскер кызматкеринин сөөгү жерге берилип, шейит кеткендер үчүн митинг-реквием өттү. Мекенди коргоп, милдетин аткарып жатып курман болгон Шерали Анаркулов, Жаңыбай уулу Тилек жана Санжарбек Анаркулов аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекет башчысы Садыр Жапаров, маркумдардын жакындары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер катышты. Айдар Темиралиев кененирээк.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *