Ишенби, 27 Куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА КҮРӨШКӨ КЫЗЫККАНДАР КӨП

Күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргыз балбандары 4 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль тагынды. Мелдештин үчунчү күнү Айпери Медет кызы биринчиликти багынтты. Ал финалдык кармашта япон спортчусун 5:3 эсебинде жеңип, Азия чемпиону аталды. Ал эми Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөштө казак кызына жеңилип калды. Ошентсе да өлкө куржунуна алгачкы күмүш медалды алып келди. Кыргыз балбандары дүйнөлүк мелдештерден байгелүү кайтып жатышканы, өспүрүмдөрдү шыктандырып, күрөшкө болгон кызыгуусун арттырууда. Кыргыз эли балбандарына кандай күйөрмандык кылууда? Мамлекеттин бул спортко жасаган мамилеси көңүл жылытабы? Канат Жолочиев саресеп салды.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *