Студенттер контракттын баасын 50%га түшүрүүнү талап кылууда

460

Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларында контракттык негизде билим алып жаткан студенттер, 2020-2021-окуу жылына карата акы төлөөнүн көлөмүн элүү пайызга чейин кыскартууну талап кылышууда. Азыркы тапта, университеттердеги бир жылдык окуу акынын көлөмү 25 миң сомдон 3 миң долларга чейин барат. Учурда окуу процесси онлайн форматта жүргүзүлүүдө.