Таласта түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүүдө

7

Аймактарды өнүктүрүү жылында Талас облусунда да албан иштер аткарылууда. Алсак, Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүндө суу топтоочу жай деген аты гана калып, көп жылдан бери тазаланбай, тайыздап калган жайдын ичи тереңдетилип казылып, колдонууга берилди. Натыйжада, какшып калган талааларга суу берилди.