Токтогулда суу тутумдары толугу менен алмаштырылууда

10

Акыркы эки жылда Кыргызстанда 122 айылга таза суу жеткирилди. Жумуштар бүгүн да кызуу уланып жатат. Токтогул районундагы Үч-Терек жана Кара-Тектир айылдарында да эскилиги жеткен таза суу тутумдары толугу менен алмаштырылууда. Ал келерки жылдын август айында колдонууга берилет.