Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ: КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР КАПЧЫКТЫ КАКПАЙТ

Кыргызстандын жаратылыш бермети болгон Ысык-Көлгө өзгөчө жай мезгилинде келген туристтердин саны артат. Ак мөңгүлүү тоо кыркалары менен курчалган кыргыз берметинин айрыкча түндүк жээги эс алуучуларга жык толот. (2) Узап кеткен аптада дал ушул аймакта жайкы туризмдин расмий ачылышы өтүп, иш-чара ата мекендик жана чет элдик туркомпаниялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Анын алкагында ири көргөзмө-жарманке, марафон жана бизнес форум уюштурулду. Өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, ар кайсы мамлекеттердин туристтик бизнестеринин ортосунда байланыш түзүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу максатын көздөгөн иш-чаралар туурасында Айдар Темиралиевдин материалында.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *