Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга жөнөп кетти

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Чоң-Алай районуна жөнөп кетти. Атайын кызматтын башчысы менен биргеликте чек ара маселеси боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев жүргөнүн Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай Тажикстандын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен 4-июнда таңкы саат 03.00дө Кыргызстандын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орноткон. Муну менен тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда, бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт -деп айтылган Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде абал оор экенин УКМКнын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *