Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

УЛУТТУК БАНКТЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕДИ

2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, финансы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы финансылык рыноктордо Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда. Мындан улам Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Айдар Темиралиев темага кененирээк токтолот.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *