Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Ымыркайларга жалпы кам көрүү” аталышта окутуу курстары жүрүп жатат

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрынан тарта Бишкек, Ош жана Каракол шаарларындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде “Ымыркайларга жалпы кам көрүү” аталышта окутуу курстары жүрүп жатат. Окутуу иштери Саламаттыкты сактоо министрлиги менен LDS Charities эл аралык гуманитардык кызматы тарабынан уюштурулган. Мындан дарыгер-акушерлер, медайымдар жана неонотологдор өтүүдө. Аталган эл аралык гуманитардык кызматы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен 10 жылдан бери кызматташып келет. Борбор калаада “ымыркайларды куткаруу үчүн 10 жылдык” аталышта тегерек стол өтүп, бул аралыктын ичинде аткарылган иштер тууралуу талкуулар болуп, доклад-презентациялар жасалды. Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, эл аралык коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана аймактардан келген дарыгерлер катышты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *