Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда билим берүү жана илимге артыкчылык берилди

Референдумга чыгырылып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбооруна коомдун руханий-маданий негиздери аталышындагы жаңы глава киргизилген. Анда коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү илимий изилдөөлөргө, заманбап технологияларга жана инновацияларга таянары көрсөтүлгөн. Мамлекет менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүүнүн баардык түрлөрүн колдойт жана мамлекет ар бир окуучуга, окутуунун сапатына жана педагогикалык кызматкердин статусун жогорулатууга кам көрөт. Жаңы беренелердин артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү Бишкек шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын студенттери менен мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабаган коомдук ишмерлеринин ортосунда жолугушууда талкууланып, пикирлер ортого салынды.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *