Бейшемби, 2 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жапаров: “Дарыгерлердин эмгек акыларын жогорулатуу мамлекеттин көңүл чордонунда”

Айлык маянанын төмөндүгүнө байланыштуу ишин таштаган медициналык кызматкерлерден улам бүгүнкү күндө пайда болгон 3 миң жумуш ордун толтуруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент бейшемби күнү Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшергенде билдирди. Мамлекет башчысы дарыгерлердин негизги проблемалары, алардын ичинде эмгек акыларын жогорулатуу жана иштөө шарттарын жакшыртуу мамлекеттин көңүл чордонунда турганын, алар артыкчылыктуу тартипте караларын баса белгиледи. Жапаровдун айтымында мамлекеттик ипотекалык насыя берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча план иштелип жатат. Анын алкагында өлкөнүн дарыгерлери жана мугалимдери үй сатып алуу үчүн төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. (1)Ал эми Апрель айынан тарта Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо эмгектенген Өмүр сакчылары эки эсе жогорулатылган айлык акыларын колдоруна ала баштайт. Ак халатчандар маяналарынын 100 пайызга көтөрүлгөнүн мамлекеттин камкордугу катары баалашууда. Учурда өкмөт дарыгерлер менен бирге маданият кызматкерлеринин да айлыгын жогорулатуу боюнча иш алып барууда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *