Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты менен жолугушту

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” кенинин иши менен таанышуу учурунда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун эмгек жамааты менен баарлашты.

Мамлекет башчысы ишкана иштеп жатканын жана мындан ары да планга ылайык, туруктуу негизде иштей тургандыгын өзгөчө белгилеп,

мындан улам компаниянын эмгек жамаатын өлкө элинин кызыкчылыгына чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө үндөдү.

Садыр Жапаров алтын кендин ата мекендик экономикадагы өзгөчө ордуна токтолуп,

убактылуу тышкы башкарууну киргизүү менен “Кумтөр” кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине чоң көңүл бурула тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Компаниянын кызматкерлерин учурдагы иши, ден соолуктарын чыңдоо жана социалдык мүнөздөгү башка уюштуруу чаралары боюнча суроолор кызыктырды.

Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык суроолорго жооп берип, өз кезегинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров кен эми толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп баштагандыгы үчүн

компаниянын бардык кызматкерлерин ишкананын мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана болгон күч-аракетин жумшап иштөөгө чакырды.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *