Шейшемби, 30 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ЖАРАНДЫК ЖАНА САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРЕ ТУРГАН 70 БОРБОР АЧЫЛДЫ

Өлкө боюнча Жарандык жана санариптик билим берген 70 борбор ишке кирди. Президент Садыр Жапаров БШК базасындагы борбордун биринде болуп, анда онлайн режимде аталган масштабдуу долбоорго старт берилди. Иш-чаранын алкагында китепканалардын жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 борбор, ошондой эле АКШдагы Борбордук Азиялык IT форумуна катышып жаткан кыргызстандык IT делегациясы менен түз байланыш уюштурулду. Борборлордо колго алынчу жарандык билим берүү программаларында Кыргызстан жараны жана шайлоолор, саясий система, “Кыргызстандын тарыхы”, “Экология жана укук» жана башкалар темаларда талкуулар өтөт. Муну менен катар ар кыл тармактын адистери тренинг, курс, дебаттарды уюштурушат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *