Дүйшөмбү, 29 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ЖМКда АДАБИЙ ТИЛДИН ЧЕНЕМДЕРИ САКТАЛЫП ЖАТАБЫ?

Бишкекте «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын берүүлөрүндө, уктурууларында, продукцияларында жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы» аттуу мониторингдин жыйынтыгы боюнча талкуу болуп өттү. Мониторинг «Тынчтыктын мониторинг сервиси» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүргүзүлүп, жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков, медиа эксперт Марат Токоев мындай деңгээлдеги мониторингдин биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын, аныкталган олуттуу маселелерди, ЖМКларда эң көп кездешкен типтүү каталарды белгилеп өтүштү. (1)Жыйындын жүрүшүндө мониторинг учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу жана алардын алдын алуу жолдору талкууланды. Журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү тренинг, семинар, курстарды уюштуруу, ЖМКлар үчүн кесиптик сөздүктүн иштелип чыгып, Терминолгиялык комиссиянын кароосуна киргизүү зарылдыгы белгиленди. Программанын алкагында бул мониторингдин жыл сайын улантылуусу жана иштин натыйжалуулугу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү макулдашылды.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *