Жума, 17 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Журналисттик иликтөө боюнча укук коргоо органдардын иши Коопсуздук Кеңешинин көзөмөлүндө турат

Бажыдагы коррупцияга байланыштуу «Азаттык» радиосунун жана «Kloop» маалымат агенттигинин биргеликте жүргүзгөн иликтөөсү боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, 22-ноябрда журналисттердин иликтөөсү жарыяланган. Анда Айеркен Саймаити өмүрүнө коркунуч болгондуктан Кыргызстандан Түркияга чыгып кеткендиги айтылган. Бул фактыны Башкы прокуратура Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене, адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча каттоого алган.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *