Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жыргалбек Сагынбаев: “Мамлекет “Жетим-Тоону” өзү иштетет”

2021-жылдан баштап Нарын облусунда жайгашкан «Жетим-Тоо» кенин мамлекет өз алдынча иштетет. Бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчун атайын ишкана түзүлмөкчү. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдиргендей, коомчулукта айтылып жаткан “Жетим-Тоо” кени кытайлык компанияга берилип кетти деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. (1)Долбоордун иштөөсүнө каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкынан алынаары күтүлүүдө.Алгач анын башталышына 200-300 млн доллар керектелет. Аталган кендүү аймакты иштетүү өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттай тургандыгын серепчилер белгилешүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *