Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Адилеттүү, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүүгө болбойт

Адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүүгө болбойт. Ошондуктан, сот реформасын – жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек. Бул тууралуу бүгүн, мамлекет башсы Сооронбай Жээнбеков кыргыз сот системасынын 95 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди. Ажо өз сөзүндө Сот органдары дээрлик бир кылымдык тарыхый мезгил ичинде мамлекеттин бир бутагы болуп калыптанып, даңктуу жолду басып өткөндүгүн билдирип, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү керектигине токтолду. Ошондой эле, иш-чарада өлкө аймагынын баардык региондорунан келген айрым кызматкерлер сот тармагында жасаган алгылыктуу иштери үчүн энчилүү саат, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *