Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстанда тогуз өлкөнүн элчилери жаңыдан кызматка киришип жатат

Япония, Гана, Испания, Молдова, Шри Ланка Республикасы жана Бахрейн Королдугу сыяктуу тогуз өлкөнүн элчилери жаңыдан кызматка киришип жатат. Өз милдеттерин алар адаттагыдай өлкө башчысына ишеним грамотасын тапшыруу менен баштамакчы. Кыргызстан баардык өлкөлөр менен тыгыз алакада достук мамилени бекемдөөгө ынтызаар. Бирок кандай гана өнөктөш болбосун өлкөнүн жана улуттун кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Мындан улам, мамлекет башчысы ар бир элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун азыркы абалын жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, кыргыз тараптын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөлөрдө жана ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо маселелеринде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *