Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Пирамида Жумалыгы» //20.10.2019 //Ильич Кулназаров менен

Өтүп бара жаткан жума ичи саясий жана башка өңүттөрдө да маалыматтарга абдан бай болду. Камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары айрым далилдерди иштин материалдарынан алып салууну соттон отунушту. Алар Атамбаев менен Аида Салянованын жана Атамбаев менен Шамиль Атахановдун беттештирүүлөрүнүн эки протоколун “далил” катары кылмыш иштин материалдарынан чыгарып салууну суранышты. Ал эми так ошол Атаханов менен Салянова, Батукаевдин турмодон чыгышына жогору жактан кийлигишуу болгонун ачык айтышкан. Бул Аптада Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммити өтүп, беш документке кол коюлду. Алар: түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетин түзүү, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү, Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басарын жана «Түрк маданияты жана мурасы» фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечимдерге кол коюшту. Ал арада Бишкекте Суймонкул Чокморовдун 80 жылдык юбилейи белгиленип анын сурот коргозмосу болуп отту. Жумгалдын Лама айылында Төлөк баатырдын урпактары чогулуп Салбурун оюштуруп, улуттук жана ат оюндардын өткөрүштү. Күтүрөгөн күз айларында ошентип той да кызып саясат да боркулдап кайнап турган учуру.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *