Домой Жаңылыктар Маданият Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоодо

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоодо

16

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоодо. Буга ылайык “Интерьерге сейил” аталыштагы көргөзмө элчиликтин имаратында өтүп жатат. Анда кыргыздын таанымал таланттуу сүрөтчүлөрү Жылкычы Жакыпов менен Талант Огобаевге таандык сүрөттөр коюлган. Көргөзмө элчиликтин пландаган маданий иш чараларынын алкагында үч күнгө созулат. Иш-чаранын максаты: кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин Түркияга жана Кыргызстанга таанытуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланышын арттыруу болуп саналат.