“Бирге жашоону үйрөнөлү” аттуу кыска метраждуу тасманын бет ачары болду

15

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында бүгүн “Бирге жашоону үйрөнөлү” аттуу даректүү кыска метраждуу тасманын презентациясы болду. Фильмде ден соолугуна байланыштуу мектеп-интернаттарда окуп калган жана кийин кадимки мектепке которулуп, үй бүлөсү менен бирге болгондогу баланын окуусундагы, жүрүм турумундагы жакшы жыйынтыктар чагылдырылган.