Депутат Саматбек Ибраев Кыргызстанда финтехти өнүктүрүүнүн беш жагымдуу себептерин атады

46

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматбек Ибраев каржы системасынын финансы чөйрөсүндө инновациялык технологияларды пайдалануучу компаниялардан турган финтех сыяктуу тармактын келечектүү багыттарын өнүктүрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Кыргызстан регионалдык каржы лидеринин орду үчүн күрөшсө болот деп эсептейт, бирок, бул үчүн азыр иштеп жаткан каржы системасын модернизациялоо керек.

Белгилей кетчү нерсе, каржы технологиялары(финтех-стартептер) чөйрөсүндө инновацияларды киргизүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу ченемдик-укуктук базаны түзүүгө багытталган мыйзамдык демилгени Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынан көбү колдошкон, анын ичинде Өкмөт менен конструктивдүү сүйлөшүүлөр да жүргүзүлгөн. Финтех боюнча мыйзам долбоорунун төрт негизги пункту Өкмөт тарабынан колдоого алынган.

Сиздердин назарыңыздарга Саматбек Ибраевдин кезектеги макаласын сунуштайбыз, анда депутат финтехти өнүктүрүүнүн беш артыкчылыгын белгилеп көрсөтөт.

Финтех Кыргызстанга эмне берет?

Биринчи:

Бишкек алтындын базалык активин колдонуу менен блокчейн-технологиялардын базасында онлайн (ыкчам) төлөмдөрдү уюштуруунун эсебинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык каржылык хабдын бүгүн бош турган позициясын ээлей алат. Жалаң акчанын эсебинен да, акчасыз да жашоо мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн каржылык абалын бир кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Экинчи:

Жарандардын пенсиялык жыйымдарынын улам алсызданып бараткан сомдо гана эмес, алтын менен сакталышы уюштурулат.

Алтын АКШнын долларынан да күчтүү-ал жүз жылда долларга карата 100 эсе, ал эми акыркы 20 жылда 6 эседен көбүрөөк кымбаттады.

Мындай сактоолор пенсионерлерге кыйла жакшы турмуш деңгээлин камсыздап, жакырчылыктан “сууруп чыгат”. Техникалык жактан муну финтех-компаниялардын базасында гана ишке ашырууга болот, алар саат сайын миллиондогон кардарларды рекорддук төмөн комиссиялар менен тейлей алышат.

Үчүнчү:

Сомдун курсун ансыз деле жарды валюталык запастардан миллиондогон каражаттарды чыгымдабай эле турукташтырат.

Азыр Кыргызстандын калкы өз акчасын улам кунун жоготуп бараткан сом менен эмес, доллар түрүндө сактаганды туура көрүшөт. Адамдар сомго доллар сатып алышат, мындай талап менен биздин улуттук валютабыз улам арзандай берет.

Мындай кырдаалда Улуттук банк сомду турукташтыруу үчүн рынокто долларды сатат, бул максатта өлкөбүз жыл айын жарым миллиардай (!!!)долларды жоготот.

Эгер акчаны аз комиссия менен алтын түрүндө сактаса, калк үчүн бул пайдалуу болот. Экономика үчүн да пайдалуу, анткени, долларга болгон суроо-талап төмөндөйт, Улуттук банк жыл сайын жарым миллиард долларды сатууга мажбур болбойт. Жыл сайын жарым миллиард долларды Кыргызстан үчүн пайдалуу башка максаттарга колдонсо болот.

Төртүнчү:

Альтернативалык энергетиканы колдонуу мүмкүнчүлүгү. Азыр бул дүйнөдөгү актуалдуу багыттардын бири болуп эсептелет.

Биздин өлкө уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ — күндүн нуру мол, шамалга, тоо сууларына бай. Өнүгүүнүн бул жолу азыркы технологияларды жана так эсепти талап кылат. Мисалы, ушул сыяктуу финтех-платформа АКШда ийгиликтүү колдонулган, аны Кыргызстанда ишке киргизүү боюнча иштеп чыккандар менен алдын ала макулдашуу бар.

Бешинчи:

Чакан уставдык капиталы бар заманбап мамлекеттик банктарды жана каржылык структураларды түзүү. Мисалы, Сингапурдун банктык системасынын негизин контролдук пакеттери өлкөнөн өкмөтүнө таандык үч банкт түзөт.

Кыргызстан да заманбап инновациялык чечимдердин базасында өзүнүн каржылык уюмдарын Өкмөттүн көзөмөлү астында анчалык чоң эмес уставдык капиталы менен рынокко чыгара алмак, муну менен кыйла арзан жана заманбап тейлөө, анын ичинде мамлекеттик башкаруу боюнча операциялар, кредиттөө, депозиттик, спекулятивдик операциялар сыяктуу тобокелдүү операцияларсыз камсыздалмак.

Финтехти колдонуу тизмесин чексиз узарта берсе болот. Кыргызстандын банк системасынын технологиялык деңгээлин кескин жогорулатууга, интернети да жок алыскы айылдардын калкына заманбап каржы кызматтарын жана башка көп нерселерди сунуштоого мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн куру сөздү азайтып, реалдуу ишти баштоо гана керек.