Пирамида
С Вами на все времена!Саясий жаңылыктардын өзөгү бүгүн Армениянын борбор шаарында болуп жатат. Буга ылайык, аталган шаарда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйынтыгы боюнча ондогон маанилүү документтерге кол коюлду. Анын ичинде ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жөнүндө дагы документ бар. Кеңейтилген форматтагы жолугушууга Евразия экономикалык бирлигине байкоочу-мамлекет катары катышып жаткан Молдова Республикасынын атынан Молдованын Президент Игорь Додон катышты. Ал эми Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухан жана Сингапур Республикасынын Премьер-министри Ли Сянь Лун ардактуу конок катары Жогорку Кеңештин ишине катышышты. Айта кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрү жана Сингапур менен эркин соода тууралуу документтердин топтомуна кол коюшту.
Ой-пикир калтыруу