Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

9

Кыргыз Республикасынын эл акыны, прозаик, драматург, котормочу жана публицист Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата өзү жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет. Ошондой эле улуттук китепкада ага арналган илимий конференция жана китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чарага коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, акындын замандаштары, шакирттери, кесиптештери келип анын ар тараптуу чыгармачылыгы, адамдык сапаттары, кылган эмгектерин айтып эскеришти.