Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Конституциянын жаңы долбоору парламентте экинчи окууда каралды

Акыркы он жыл ичинде парламенттик башкарууга ыктаган Кыргызстанда өкмөттүн ишинин жоопкерчилиги эч кимге жүктөлгөн эмес. Конституциянын жаңы долбоорунда аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө Президент баш-оту менен жооп берет. Мындай пикирлер бүгүн Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоорун кыргызстандыктарга алып чыгуу үчүн референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатканда айтылды. Жыйында эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберүү чечимин кабыл алды. Бирок добуш берүү күн тартибине кирбегендиктен, 11-мартка жылдырылды. Депутаттардын колдоосуна ээ болсо, Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде чыгарылары сунушталып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *