Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз балбандарынын жаңы жылдык белеги!

Өтүп бараткан жылдын соңунда Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы жалпы мекендештерге жаңы жылдык мыкты белек тартуу кылышты. Күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна барган Кыргызстандык балбандар 3 алтын жана 5 коло медалды багындырышкан. Жалпы медалдык эсеп боюнча улуттук курама команда экинчи орунга татыган. Сербия мамлекетинин Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов акчалай сыйлыктарды тапшырды. Учурда жалпы кыргызстандыктар 2021-жылы Японияда өтө турчу Олимпиада оюндарында биздин спортчулар жеңүүчү болуп кайтып келээрине үмүт артышууда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *