Парламент экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

10

Парламент көпчүлүк добуш менен экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөгөндөн кийин кылмыш жоопкерчилигинен кутулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат.