Жекшемби, 28 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президент: Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар эми бир топ күчөтүлөт

Мындан ары да санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калып, аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматында өткөн жыйында айтты. Уюштурулган санарип диалогдо өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланды. Жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында санарип технологиялардын орду жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берди. Ал эми Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков аралыктан окутуу форматынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө маселелерге токтолду.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *