Президент: Карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз

108

Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышкан Президент Сооронбай Жээнбеков пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы коронавирустун кесепеттерин жумшартуу, темпти сактоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттерин белгилеп өттү. Ал ошондой эле коомдук жайларда санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай, салтанат-тойлордун жанданышынан улам илдетти жуктуруп алуу учурлары кескин жогорулап кеткенин айтып, Республикалык штабды массалык той-топурларды өткөрүүгө расмий тыюу салууга чакырды.