Жума, 17 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Садыр Жапаров: Максатым – Кыргызстанды коррупциядан арылтып, туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу

Өлкө башчынын милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапар менен барды. Жумушчу сапардын алкагында ал дубандагы сугат суу маселесине көңүл буруп, Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты. Мындан сырткары жаңы курулуп жаткан жол жана көпүрөнүн курулушуна дагы көз салды. Кийин иш сапарынын соңунда облустун активи менен жолугуп, алардын социалдык маанидеги суроолоруна жооп берди. Ал чек ара боюнча дагы токтолуп, бул маселени чечүү УКМКга жүктөлөрүн, Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берүү боюнча маселе каралып жатканын айтты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *