Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Шайлоо күнүн утурлай Мамлекеттик каттоо кызматы күчөтүлгөн режимде иштей баштады

Шайлоочулардын акыркы тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн 3 млн 563 миң 574 жаран катталды. Эки саясий өнөктүктү утурлай, паспорт алууга арыз тапшыргандарга кызмат көрсөтүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору 7-январдан баштап 4 күн катары менен иштейт. Ошол эле маалда 119 Call-борборунун операторлору күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. 10-январда, алтымыштан ашык адис телефон чалууларга жооп берет. Кыска номерге чалуулар бардык уюлдук операторлордун абоненттери үчүн акысыз. Мындан тышкары, жарандарды биометрикалык идентификациядан өткөрүү үчүн жабдыктарды даярдоо иши жүрүп жатат. Алдыдагы шайлоодо өлкө боюнча «Инфоком» ишканасынын 420 кызматкери жана шайлоочуларды идентификациядан өткөрүү үчүн 6200 комплект жабдык иштейт. Кошумча резервдик жабдыктар дагы камдалууда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *