Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Тамыры терең кыргыз-казак кызматташтыгы

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев бир күндүк мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков менен алгач жекеме-жеке, андан соң кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрдү. Эки өлкө ортосунда меморандум түзүлүп, келишимдер арасында инвестиция тартуу, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш, миграция, саламаттык сактоо, эки өлкө ортосундагы «Актилек» жана «Кара-Суу» өткөрмө бекеттерине жакын көпүрө куруу сыяктуу тогуз документке кол коюлду. Казак президенти эки өлкө ортосундагы маанилүү болгон суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, «Борбор Азияда суу ресурстары – жалпыбыздын байлыгыбыз деди. Орто-Азиядагы дарыялардын башында турган Кыргызстан менен Тажикстан сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстары  жалпыбыздын байлыгыбыз деп келет. Бул жаатта суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларда бир топ айырмачылыктар бар. Андан сырткары эки өлкө ортосундагы Өткөрмө бекеттер боюнча келишимге кол коюлду. Эми «Кичи-Капка» өткөрмө бекетинин кыргыз жана казак жарандары үчүн иши жанданат. Ошондой эле «Каркыра» өткөрмө бекети буга чейин күндүз эле иштеп келсе, эми күндүр-түндүр иштеген режимге өткөрүү каралды.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *