Жаңыл Мырзанын эрдигин сүрөттөгөн китеп жарык көрдү

10

Чынгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кинорежиссёр жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Жали Соданбектин «Намыскөй кыздын көз жашы» аттуу китебинин бетачары болуп өттү. Китепте 17-кылымда жашаган Жаңыл мырза деген атка конгон кыргыз жоокер кызы жөнүндө толукталган окуя баяндалган.