Бейшемби, 2 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БИШКЕКТЕ ЭСТЕЛИКТЕРДИ ОРНОТУУГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ

“Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси шаардын борборуна жаңы эстеликтерди, көрүнүктүү инсандарга, коомдук маанилүү окуяларга жана белгилүү даталарга арналган монументалдык стелаларды орнотууга 10 жылдык мораторий киргизүү демилгесин көтөрдү. Мындай сунуш калаанын борбордук бөлүгүндө эстеликтер толуп кеткенинен улам келип чыкканы ведомстводон маалым болду. Аталган сунуш тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, жообу күтүлүүдө. Тарыхчылар бул кадамга эмне дейт? Деги жарандар макулбу? Кесиптешим Айдар Темиралиев териштирип көрдү.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *