Домой Жаңылыктар Экономика М.Абылгазиев: «Жаңы жылды ишкерлер үчүн жаңы шарттарды түзүп берүү менен тосуп алууга...

М.Абылгазиев: «Жаңы жылды ишкерлер үчүн жаңы шарттарды түзүп берүү менен тосуп алууга тийишпиз»

4

«Жаңы жылды ишкерлер үчүн жаңы шарттарды түзүп берүү менен тосуп алууга тийишпиз», — деп билдирди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында. Отурумдун жүрүшүндө биринчи бизнес-омбудсмен өлкөнүн бизнес сектору менен өзүнүн кызматташуу пландары тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, бүгүн Өкмөт башчы ишкерлер жана Кыргызстандагы бизнес тармагын жакшыртуу үстүндө иштеп жаткан бардык тармактардын өкүлдөрү менен жолугушту.