Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 45 миңге көбөйдү

Жыл башынан бери салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 45 миңге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди. Анын айтымында, быйыл жалпысынан 146 миң колдонуучу отчетун электрондук ыкма менен жөнөткөн. Анда Салык кызматы «салык органына барбастан жана кагаз жүзүндө толтурбастан жеке электрондук кабинет аркылуу отчетту онлайн режиминде тапшырышкан. Кыргызстанда мамлекеттик салыктын алты, жергиликтүү салыктын эки түрү бар. Бул багытта, ишкана-мекемелер алар боюнча отчет тапшырып турууга милдеттүү.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *